Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.06.21.

16-06-2021
09:09

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  16 – июндагы жыйыны “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо менен башталат. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууга талкууга чыгат. “Баткен областына статус берилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилет.  “Эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен таза кандуу жана асыл тукум жылкыларын каттоо (эл аралык сертификациялоо) жана эсепке алуу тутумун киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору боюнча демилгечи депутат Канатбек Исаев маалымат берет.

Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы бөлө турган 17 млн доллар өлчөмүндө каражат Ысык-Көл, Нарын, Талас областтарындагы уйлардын тукумун жакшыртуу жана сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жумшалат. Мындай тажрыйбанын үлгүсү буга чейин Ысык-Көл областында пилоттук долбоор катары сынактан өтүп, өзүнүн жакшы жыйынтыктарын көрсөткөн.  Эгер долбоорго өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, 3 жылдык мөөнөт менен 1,5 миң доллардан 10 миң фермерге насыя берилет. Иш тыянагы жакшы болсо,  долбоорду башка аймактарга да жайылтуу шарттары сунушталууда. Тармактык комитет төрагасы Эмил Токтошев алдыда бөлүнө турган каражатты алуу мехнанизмин тездетүү зарыл, - дейт.

                                 СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Парламент отурумунда “Кыргыз Республикасынын жараны, “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы” тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун угуу да бүгүнкү жыйынга пландалган.

“Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун” курулушунун биринчи фазасы  75, ал эми экинчи фазасы 90 пайызга аткарылган. Буга чейин кеткен чыгымдар 2015-жылдын эсеби менен алганда долбоорлоо ишине эле 35 млн.АКШ доллары ашыкча жумшалган. Мындай маалыматтар депутаттык комиссиянын алгачкы  отурумунда айтылды. Талкууда депутат Мейкинбек Абдалиев ашыкча жумшалган  каражаттарга токтолуп,   бул  чыгымга ким жооп берерин тактады.

                                СНХ.М.АБДАЛИЕВ

Депутат Шайлообек Атазов ошол эле жогорудагы жолдун курулушуна каралган насыялардын канча пайыз менен алынганын, кепиилдикти кимдер бере турганын сурады.

                                СНХ.Ш.АТАЗОВ

Депутат Нурбек Мурашев бул курулушту башталганда эле ээрге кыйшык отурган долбоор катары мүнөздөп, эмки отурумда жолдун курулушун жеринде барып көрүп келүүнү сунуштады.

                               СНХ.Н.МУРАШЕВ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16 - июнда Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад областтарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.  Ал эми ошол эле региондордун дыйканчылык аймактарында жана Баткен областында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+27…+32;Талас:+ 25…+30; Ош, Баткен, Жалал-Абад:+30…+35 градус ысык болот. Ысык-Көл:+ 21…+26; Нарын:+18…+23; бийик тоолуу райондордо +4…+9 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16 - июнда жаан жаабайт. Абанын температурасы +30…+32 градус ысык болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...