Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.06.21.

10-06-2021
09:17

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  10 – июндагы жыйыны регламенттин 104 – беренесине ылайык, “Ар кандай маселелер” саатынан башталат“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр, Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына кошумчаланып жаткан түзөтүүлөр талкууга чыгат. “Аудитордук иш жөнүндө” мыйзам долбоору  экинчи окууда каралат.  Элдин көпчүлүгү кулак түргөн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын өзгөртүүлөрү  экинчи окууда талкууланат. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету  да бул жолку жыйында угулат.

“Маймак” станциясындагы азыркы жан кейитээрлик абал андагы жергиликтүү тургундарды Казакстандын жарандыгын алууга аргасыз кылган. Бул тууралуу тармактык комитеттин көчмө жыйынында депутат Шералы Абдылдаев билдирип, темир жолдун тапкан кирешесин көзөмөлдөө зарылчылыгын айтты.

                             СНХ.Ш.АБДЫЛДАЕВ

Ошол эле темир жол тармагынын өнүгүү планы алымсындырбастыгын белгилеп, депутат Улугбек Ормонов, - учурда Орусияга темир жол каттамын жандандыруу аракеттери абдан зарыл болуп жаткандыгын айтып, көп жарандардын кыйналып жаткандыгын эске алууга чакырды.                      

                             СНХ.У.ОРМОНОВ

Депутат Рыскелди Момбеков “Кыргыз темир жолу” ишканасында жолго салынган корруциялык схема бар экенин сынга алды. 

                             СНХ.Р.МОМБЕКОВ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10 - июнда республиканын бардык областтарында жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй:+29...+34, Талас:+27...+32, Ош, Баткен, Жалал-Абад:+30...+35 градус ысык болот. Ысык-Көл:+19...+24, Нарын:+15...+20, бийик тоолордогу аба ырайынын көрсөткүчү +6...+11 градус жылуу. Бишкек шаарында бүгүн, 10 –июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +31…+33 градус ысык.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16. 03.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 03.23.

Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 03.23.

Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13. 03.23.

Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.03.23.

Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09. 03.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт.  “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...