Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 03.06.21

03-06-2021
08:56

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  3 – июндагы жыйыны регламенттин 104 – беренесине ылайык, “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын  өзгөртүүлөрү  үчүнчү окууга чыгат. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө” токтом долбоору да бул жолку жыйындын кароосуна алынат.  “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кредитордук карызды төлөө үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө” Жогорку Кеңеш токтомунун долбоору талкууланат.

Парламенттин кечээки жыйынында «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болуп келген Нурбек Мурашев ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. 

                             СНХ.Н.МУРАШЕВ

Төрага Талант Мамытов Нурбек Мурашевди жалпы депутаттардын атынан эл өкүлү болушу менен куттуктап, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

                              СНХ.Т.МАМЫТОВ

“Мамлекеттик ипотекалык турак-жай насыясы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда кабыл алынды.  Бул багытта демилгечи депутат Аалы Карашев белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу мамлекеттик ипотекалык насыялоонун шарттарына бир топ өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Атап айтканда, насыялоонун пайыздык өлчөмүн азайтуу жана баштапкы төлөмүн алып салуу боюнча түзөтүүлөр сунушталууда.

                            СНХ.А.КАРАШЕВ

Турак-жай көйгөйүн чечебиз, - деген жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү эмгек мигранты болуп иштөөгө аргасыз болушууда, - деген депутат Умбеталы Кыдыралиев, - эл аралык программалар менен да иштешүү зарылчылыгын карап көрүүгө чакырды.

                           СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3 - июнда  Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад областтарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарына өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолорунда кар жаашы мүмкүн.  Ош, Жалал-Абад областтарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен регионунда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+30…+35; Баткен, Ош, Жалал –Абад: +32…+37 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл, Нарын: +23…+28, бийик тоолуу аймактарда + 8…+13 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 3 - июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы + 33…+35 градус ысык болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16. 03.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 03.23.

Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 03.23.

Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13. 03.23.

Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.03.23.

Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09. 03.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт.  “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...