Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 27.05.21.

27-05-2021
09:59

Бүгүн, 27 - майдагы Жогорку Кеӊештин жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Бир катар мыйзам өзгөртүүлөрү талкууга чыгат. Алардын катарында салык системасына, Жер кодексине, виза тартибине байланышкан маселелер бар. “Кыргыз Республикасынын Баткен областынын статусу жөнүндө” мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан сунушталып, биринчи окууга сунушталууда.   

Интернет байланышы өсүп жаткандыгына байланыштуу  WhatsApp, Viber, Skype ж.б.у.с тиркемелерди колдонуу мейкиндиги да өсүүдө. Бул боюнча тармактык комитеттеги талкууда депутат Бейшеналы Нурдинов алыскы айылдарда уюлдук байланыш кызматынын жеткиликтүүлүгү жетиштүү болбой жаткандыгын айтты.

                            СНХ.Б.НУРДИНОВ

Учурда уюлдук операторлордун абоненттеринин саны 7 миллиондон ашты. Бул бир эле адам ар кандай уюлдук операторлордун SIM-карталарын колдонуп жаткандыгынын далили. Бул шарттарга көз карашын билдирген депутат Шерали Абдылдаев , - “Өз номердик санын сактап калууга муктаж болгон жарандар ыңгайлуулуктан ажырабашы керек”, -  деди.

                             СНХ. Ш.АБДЫЛДАЕВ

Аймактарды өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, COVID-19 илдетине каршы чараларды көрүү багытында жумшалсын, - деп Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы 8,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Талкууда депутат Карамат Орозова жакында эле Баткен областынын калкы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан улам жабыр тартканын эске салып, алардын абалын жакшыртууга багытталган ушул сындуу аракеттердин бар-жогун тактады.

                             СНХ.К.ОРОЗОВА

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27 - майда  Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облатстарынын тоо этектеринде жаан-чачын күтүлөт. Батыш жел согуп турат. Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен:+30...+35, Чүй:+29...+34, Талас: +28...+33 градус ысык болот. Ысык-Көл:+23...+28, Нарын:+22...+27, бийик тоолуу райондордо +8...+13 градус жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 27 – майда  +32…+34 градус жылып, бир аз өткүн өтөт.

 

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16. 03.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 03.23.

Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 03.23.

Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13. 03.23.

Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.03.23.

Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09. 03.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт.  “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...