Бүгүн, 19 - майда Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө” мыйзам долбоору да 3 – окууда талкууланат. “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да 3 – окууга келип жетти. “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомуна кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр менен ратификациялык мыйзам долбоорлору да бүгүнкү жыйындын негизги маселелеринен.
“Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Кенжебек Бокоев документте бир катар коррупциялык жана басмырлоочу элементтер байкалгандыгын белгилеп, аны четке кагууну сунуштады.
СНХ.К.БОКОЕВ
Жеке турак үйлөр менен курулган жер тилкелерин өткөрүп берүүдө айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын көлөмүн жана жоготулган пайданын ордун толтуруу маселесин депутат Асылбек Жээнбеков көтөрдү.
СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ
Талкуудагы мыйзам долбоорунда айыл чарбасында колдонууга жараксыз жер тилкелерин аныктоочу так механизмдер камтылбай калгандыгына депутат Рада Туманбаева токтолду.
СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 19 - майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+ 27…+32; Талас:+ 26…+31; Ош, Баткен, Жалал-Абад :+29…+34 градус ысык болот. Ысык-Көл: +18…+23; Нарын:+19…+24; бийик тоолуу +3…+8 градус жылуу. Бишкек шаарында бүгүн, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +29…+31 ысык градус болот.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...