Бүгүн, 17 - майда Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйыны өтөт. Анда Кумтөр кенин иштетүүгө арналган маселелер каралат.
“Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча мамкомиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, өткөн мезгил аралыгында кыргыз тараптын макулдугусуз эле Кыргызстандын «Центерра Голд» компаниясындагы акциялык үлүшү 33,3 пайыздан 26 пайызга чейин азайтылган. Кезинде кен иштеткен компанияга салынган 6 млрд сомдон ашуун санкция өндүрүлбөй калган. Жергиликтүү өнүмдөрдү сатып алуу да баардык сатып алуулардын 25 пайызын гана түзөт. Мисалы, ал Монголияда 85 пайыздан ашат.
СНХ.А.ЖАПАРОВ
Тармактык министрликтин тастыктамасына караганда, мамлекеттик тарых музейи көрүүчүлөр үчүн өз эшигин 31 – август – эгемендик майрамында ачат, - депутат Г.Молдобекова
СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА
“Тарых музейиндеги программалык байланыштар аркылуу келген меймандарды тейлөө тартиби кассадан тартып, көрсөтүлүүчү кызматтардын электрондук вариантына чейин камтылганы заманбап иштин үлгүсү”, - деди тарых музйиндеги көчмө жыйынга катышкан депутат К.Рыспаев.
СНХ.К.РЫСПАЕВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 17 - майда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас: +27...+32 градус ысыйт. Чүй: +25...+30, Нарын: +17...+22, Ысык-Көл:+16...+21, бийик тоолуу райондордо +1...+6 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17 – майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +27…+29 градус жылуу болот.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...