Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 06.05.21.

06-05-2021
09:02

Жогорку Кеңештин бүгүн, 6 – майдагы жыйыны адатагыдай эле  “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан  өзгөртүүлөрдүн чегинде “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдардын кошумчалары каралат. Ошондой эле ратификациялык мыйзам долбоорлору талкууланат.  “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. 

“IHLAS” курулуш компаниясы Баткендеги кыйроого кабылган айылдын элине 20 үй куруп берүү демилгесин колго алып отурат. Ушундай турак – жай маселесин тездик менен кыш түшкөнчө сапаттуу бүткөрүү иштери алдыдагы чукул милдеттерден, - деди депутат Ш.Атазов “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                           СНХ.Ш.АТАЗОВ

Баткенге жардам берүүдө ачылган атайын эсептин киреше – чыгашалары так болушун талап кылган депутат Искендер Матраимов кылдат көзөмөлдүк керек, - деп тармактык комитет жыйынында билдирип, ашыкча убаракерчиликтерге убакытты уттурбайлы, - деген сунуш берди.

                           СНХ.И.МАТРАИМОВ

Депутат Абдывахап Нурбаев ошол жардамга деп жыйналган каражаттардын эсеп – кысаптарын тактай турган атайын онлайн тартиптеги сайт ачылганбы? – деген суроону жолдоп, гуманитардык жардамдар уурдалбайт, - деп ким кепилдик берет? – деген соболго жооп талап кылды.

                         СНХ.А.НУРБАЕВ

“Головной” суу сактагычындагы абалды алдын ала абайга алып турууда алсыздык кылган аскер түзүмдөрү кимге карайт? Казылган окопторго ой жүгүртүп чоочулоо болгон жокпу? – деген суроону ИИМ өкүлдөрүнө депутат Абдыбек Дүйшалиев жолдоду.

                           СНХ.А.ДЮШАЛИЕВ

Чек арадагы жер үлүштөрү барлар кызыл китебин ала албай аргасы кеткендер бар экен. Мындай көйгөйлөрдү көгөрүп кеткенче күттүргөнгө эмнеге жол берилди? Бул суроону тармактык комситеттин төрайымы Н.Никитенко билдирди.

                           СНХ.Н.НИКИТЕНКО

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6 - майда Талас, Жалал-Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош региондорунун  кээ бир райондорунда жаан жаайт.  Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы  Чүй, Баткен:+ 24...+29, Талас:+21...+26, Ош, Жалал-Абад, Нарын:+ 22...+27, Ысык-Көл:+18...+23 градус жылуу болот. Бийик тоолордогу абанын температурасы +10...+15 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 6 – майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +27…+29 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16. 03.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 03.23.

Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 03.23.

Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13. 03.23.

Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.03.23.

Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09. 03.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт.  “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...