Бүгүн, 28 – апрелдеги Жогорку Кеңеш жыйынында ушул жылдын май айына карата парламенттин календардык иш планы бекитилет. “Бир Бол” саясый партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген Мамасадык Бакиров ант берет.
“Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда талкууланат. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. “Биринчи зарылчылыктагы тамак - аш азыктарына бааларды турукташтыруу боюнча, ошондой эле кыргыз - кытай чек арасында жүк ташуу менен байланышкан кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу” Жогорку Кеңештин токтом долбоору да жыйындагы негизги маселе.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жыйынында депутат Улукбек Ормонов азыркы кооптуулуугу күч алып жаткан пандемияга каршы керектүү дары каражаттарынын жоктугун айтып, жабыркагандарга сырттан дары издеген убаракерчиликтер түйшүккө салгандыгын айтты.
СНХ.У.ОРМОНОВ
Депутат Бактыбек Райымкулов, - пандемиянын шартында “кызыл аймакта” иштеген дарыгерлердин компенсацияларын төлөөнү кечиктирбөө зарылчылыгын белгиледи.
СНХ.Б.РАЙЫМКУЛОВ
“Ысык – Көл тамыры” боюнча да так маалыматтар айтылышы керек, - деген талапты депутат Евгения Строкова койду.
СНХ.Е.СТРОКОВА
Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова, - “Талас областынын Талас районуна караштуу Көк – Ой айылындагы ооруканага бюджеттен каралган каражатка оңдоп – түзөө жумуштары жүргүзүлмөк. Андан тышкары “Жерүй” кенин иштетүүдө түзүлгөн “Бакубат Талас” фондунун эсебинен 43 млн. сомго ооруканага керектүү жабдыктар сатылып алынмак. Иш ордунан жылыш керек эле. Бул элдин талабы!” – деди.
СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 28 - апрелде өлкө аймагында жаан - чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк - чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 - 10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+ 28…+33; Талас:+ 27…+32;Ош, Баткен, Жалал-Абад:+29…+34 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл:+17…+22; Нарын:+18…+23 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 28 - апрелде жаан жаабайт. Абанын температурасы 30…32 градус ысыйт.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...