Бүгүн, 21 – апрелдеги Жогорку Кеңеш жыйынында “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да 3 – окууда талкууланат. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Курал жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүүгө арналган Жогорку Кеңештин токтом долбоорун Өкмөт демилгелеп алып келүүдө. Жыйындагы дагы бир маанилүү маселе - 2020-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулат.
Отун - энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет кечээки жыйынында “Темир жол транспорту аркылуу жүктөрдү ташуу үчүн төлөмдөрдүн тартиби жана ага байланыштуу “Кыргыз Темир Жолу” жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканаларынын ортосундагы кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү” маселени карады. Талкууда депутат Абдыкапар Султанов өткөн жылы вагондордун жетишсиздиги байкалгандыгына токтолуп, эми быйыл бул жагынан абал кандай экенин тармактык комитеттин жыйынында тактады.
СНХ.А.СУЛТАНОВ
Темир жол аркылуу жүктөрдү ташууну ортомчуларсыз ишке ашыруу багытында кандай иштер аткарылып жаткандыгына депутат Кожобек Рыспаев кызыкты.
СНХ.К.РЫСПАЕВ
Депутат Уланбек Исмаилов көмүр казгандар да, аны ташыгандар да зыян тартпашы үчүн орточо, баарына ыңгайлуу бааны белгилөө зарылдыгына токтолду.
СНХ.У.ИСМАИЛОВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 21 - апрелде дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир райондордо батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+4...+9,Талас: +3..+.8, Ош, Жалал-Абад, Баткен,Ысык-Көл, Нарын: +9...+14 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 21 – апрелде мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын темпепатурасы +7…+9 градус жылуу болот.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...