Жогорку Кеңештин бүгүн, 8 – апрелдеги жыйынында депутаттык мандат алып отурушкан Равшанбек Рысбаев жана Мейкинбек Абдалиев ант беришет. Депутат С. Ибраев тарабынан демилгеленип жаткан “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү 3 – окууда каралат. Чек ара районунда аскердик тармакта ишенимди чыӊдоо жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги макулдашууну аткаруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптери жана тартиби тууралуу маселелер да 3 – окууга чыгарылат. Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча талкуу 3 – окуунун режиминде каралат.
Бүгүнкү парламент жыйынында “2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык - экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңеш токтом долбоору талкууга коюлат. “2021-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин
токтомунун долбоору да негизги маселелердин бири. “Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” Мыйзамдын долбоору депутаттар тобу тарабынан 1 – окууда сунушталууда.
“Өндүрүлгөн электр энергиясын сатууда эмне үчүн мамлекет четте карап турушу керек? Пайданы ортомчулар эле таба бериши керекпи?” – деген суроону тармактык комитет жыйынында депутат Экмат Байбакпаев көтөрдү.
СНХ.Э.БАЙБАКПАЕВ
Депутат Кожобек Рыспаев электр энергиясына болгон тарифтерге токтолуп, эгер электрдин баасы 15 тыйынга көтөрүлсө, электр компаниялары канча пайда табаарын тактады.
СНХ.К.РЫСПАЕВ
Депутат Эрмамат Тагаев алтын казган ишканалар үчүн электрдин баасын 4,7 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.
СНХ. Э.ТАГАЕВ
Сугат маалында кошуна мамлекеттерге суу берилгени Токтогул суу сактагычынын көлөмүнө кандай таасир этээрине депутат Үмбеталы Кыдыралиев кызыкты.
СНХ.Ү. КЫДЫРАЛИЕВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 8 - апрелде Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот. Абанын температурасы Чүй, Талас:+16…+21; Баткен, Ош, Жалал-Абад: +18…+23; Ысык-Көл, Нарын:+ 6…+11 градус жылуу болот. Бийик тоолордо -1…+4 градусга чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 8-апрелде жаан жаабайт. Абанын температурасы +19…+21 градуска чейин жылыйт.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...