Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө БШКнын маалыматы угулду

08-04-2021 16:37

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында 2021-жылдын 11-апрелинде өтүүчү референдумга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү менен аны уюштуруу маселелери тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы угулду.  

Аталган маселе күн тартибине депутат Шайлообек Атазовдун сунушу менен киргизилген.

Жыйында тиешелүү маалыматтарды Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов берди.

Талкуу маалында депутат Шайлообек Атазов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшүндө айрым саясий партиялар тарабынан добуш сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар арбын болуп жатканын белгиледи. Ушундай эле пикирди айткан депутат Бурун Аманова мындай фактылар интернеттеги социалдык тармактарда көп экенин кошумчалады.  

Ошондой эле депутат Айнура Осмонова кээ бир саясий партиялар кайрымдуулук иши катары шайлоочуларга азык-түлүк баштыктарын таратып жатканын мисал кылды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бүгүнкү күнгө чейин ар башка саясий партиянын атынан чыгып жаткан үч талапкер шайлоодон четтетилгенин билдирип, 18 партия эскертүү алганына токтолду. "Эгер шайлоочуларды сатып алуу тууралуу далилдүү фактылар бар болсо, шайлоо жараяндарынын бардык этаптарында мыйзам бузууга барган талапкерди жарыштан алып салуу мүмкүнчүлүгү бар", - деди Абдыжапар Бекматов.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2619

Окшош жаңылыктар