Кол өнөрчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзам долбоору талкууланды

08-04-2021 15:30

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар А.Т. Алтыбаева, А.Ш. Осмонова, А.А. Карашев, А.А. Аскарова, М.Э. Мавлянова, Е.Г. Строкова, Н.В. Никитенко, К.Б. Орозова, Н.К. Алимбеков, Н.Т. Каримов, Р.Ч. Момбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдин Айдаров мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлөрдүн уюмдарынын жана алардын иштеринин укуктук негиздерин белгилөө, кол өнөрчүлүк субъекттери өндүргөн товарларга, иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарды канааттандыруу, калкты иш менен камсыздандыруу, кол өнөрчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыкканын билдирди.

Талкуу маалында депутат Наталья Никитенко кол өнөрчүлөр жарманкелерде гана өздөрү жасаган буюм-тайымдарын сатып жатканын мисал кылып, алар үчүн мамлекет тарабынан туруктуу жай таап берүү зарылчылыгына токтолду.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2568

Окшош жаңылыктар