“Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды

08-04-2021 15:19

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков тарабынан демилгеленген “Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Бактыбек Турусбеков: "Белгилүү болгондой, 2012-жылдын 1-январында "Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө кирген, ал эми 2015-жылы тотализаторлордун жана букмекердик конторалардын ишине тыюу салынган. Бул мыйзамдарды кабыл алууда кумар оюндарынан көз карандылыкка түшүп жаткан калктын аялуу катмарын коргоо үчүн жакшы ниеттер жетекчиликке алынган. Ошентип, мамлекеттин бул саясатын эске алуу менен, биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорубузда кумар оюн жайларына чет өлкөлүк жарандарды гана киргизүү каралып жатат", - деди.

Ошондой эле буга чейин кумар оюн ишине тыюу салуу  мамлекеттик бюджеттин бир жылда 600 млн. сомдон ашык суммада түз жоготууларга жана 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келгенин мисал кылды.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров: "Ысык-Көлдү өнүктүрүүнү каалайм. Бирок арам акчанын казынага түшүүсүн каалабайм. Аймактарды өнүктүрүүнүн башка жолдору көп, каржы булактары арбын. Андыктан, мыйзам долбоорун кабыл алуу колдобойм",- деди.

Ал эми депутат Бурун Аманова: "Кумар оюндарына биздин жарандарыбыз кирбейт деп ким кепилдик берет? Акча табабыз деп эле туура эмес кадамдарга бара берүү туура эмес го?" - деген суроолорду койду.  Ушундай эле пикирди Бакытбек Жетигенов да билдирип, мыйзам долбоорун сынга алды.

Ошондой эле төраганын орун басары Аида Касымалиева мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырды.

Демилгечи депутат Бактыбек Турусбеков мыйзам менен кыргызстандыктардын ойноосу чектелерин, уруксат бергендерге катуу чара колдонуларын кошумчалады.  

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2376

Окшош жаңылыктар