Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча мыйзамдын долбоорлору добуш берүүгө жөнөтүлдү

08-04-2021 12:04

Бүгүн, 8-апрелде  Жогорку Кеңештин  жыйынында депутаттар “Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү, өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты.

Мыйзам долбоору тарабынан “2018-жылы 14-ноябрда  Квачхон шаарында кол коюлган  соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен  Корея Республикасынын ортосундагы  Келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “2018-жылы 14-ноябрда  Квачхон шаарында кол коюлган   өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен  Корея Республикасынын ортосундагы  Келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “2018-жылы 14-ноябрда  Квачхон шаарында кол коюлган   жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен  Корея Республикасынын ортосундагы  Келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн”,- деген өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Жогорку Кеңеш ошондой эле “2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карап, добуш берүүгө жөнөттү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1651

Окшош жаңылыктар