Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Өкмөттү айтылган маселелерди аягына чыгарууга чакырды

08-04-2021 12:04

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак депутат Тынчтыкбек Конушбаев жакында эле Суусамыр өрөөнүнө жана Ак-Талаа райондоруна барып келгенин белгилеп: "Ал жактагы жолдор такыр каралбай калыптыр. Алсак, Ош-Бишкек унаа жолунан Суусамыр айылына чейинки 13 км жол эч жасалган эмес, жаз алды абалы дагы начарлаптыр. Мындан карапайым калк гана кыйналууда", - деди.  

Муну менен катар депутат Военно-Антоновка айылындагы мектептин курулушу көп жылдан бери бүтпөй келе жатканын сынга алып: "Өкмөт тиешелүү экспертизадан өткөнүн айтып, иштер уланаарын убада кылган. Бирок эч кандай жылыш жок. Качан бүткөрөсүңөр?" - деген суроо койду.

Ошондой эле Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушуна да токтолгон Тынчтыкбек Конушбаев: "Болгону жолдун эки тилкесинде гана техникалар иштеп жатат, башка жеринде эч ким кыймылдаган жок. Жолдун башталганы качан? Бирок качан бүтөөрү да белгисиз. Жаз деле келди, мындай ыргак менен иштешсе жакында бүтпөйбүз го? Бул маселелер такай эле айтылып, дайыма эле жоопсуз калууда. Андыктан Өкмөт айтылган маселелердин баарына кайдигер карабай, алгылыктуу кадам жасашы керек", - деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 778

Окшош жаңылыктар