“Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окуудан каралды

08-04-2021 11:52

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында  депутаттар “Автордук  жана чектеш  укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан карашты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси  Саматбек Ибраев.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият  жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин мүчөсү  Чынара Урумкалиева берди.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты сот практикасында автордук мүлктүк укуктар бузулган учурда акчалай компенсация  төлөөнү талап кылууга байланышкан маселелерди жана талаштарды кароодо  катачылыктарды жоюу болуп саналат. “Автордук  жана чектеш  укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   мыйзамынын 49-беренесине өзгөртүү киргизип, ”эмгекке акы төлөөнүн  минималдык өлчөмү”  деген сөздү “эсептик көрсөткүчтөр” деген сөз менен алмаштыруу сунушталууда.

Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1432

Окшош жаңылыктар