Жогорку Кеңеште маркум Айзада Канатбекованын өлүмү тыкыр иликтениши керектиги белгиленди

08-04-2021 11:19

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында маркум Айзада Канатбекованын трагедиялуу өлүмүнө байланышкан пикирлер айтылды.

Алсак депутат Эмиль Токтошев ала качуудан улам каза болгон Айзада Канатбекованын өлүмүн тыкыр иликтөө зарылчылыгын белгилеп: "Мыйзамды дагы каттаалдаштырып, ала качуунун алдын алышыбыз керек болчу. Анткени, кайдыгерликтен улам жаш кыз өмүрүнөн айрылды. Тиешелүү кызматтарыбыз ыкчам чара көргөндө окуя болбой калышы мүмкүн эле", - деген оюн айтты.

Ушундай эле пикирди Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев да белгилеп, маркумдун жакындарына көңүл айтышты.

Ал эми төраганын орун басары Аида Касымалиева: "Окуя тууралуу алгач маалымат берилгенде эле укук коргоо органдары чара көрүшү керек эле. Бирок алардын жайбаракат ишмердүүлүгү бирөөнүн жалгыз кызынын өлүмүнө себеп болду. Андыктан тиешелүү кызматтардын үстүнөн да иликтөө жүрүп, кылмышка каршы коомчулук кошо күрөшү зарыл", - деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1053

Окшош жаңылыктар