Тармактык комитет Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин ишин талдады

06-04-2021 16:37

Бүгүн, 6- апрелде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети   “2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин иши жөнүндө” маселени карады.

Бул маселе боюнча баяндаманы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Азат  Ишеналиев жасады. Анын айтымында, баары болуп 13 компанияга лицензия берилген. 2020-жылы  отун- энергетикалык  комплексинин 32 субьектине текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында жалпы суммасы 82 млн. сомдук бузуулар аныкталган. 2015-2020-жылдары  209 текшерүү жүргүзүлүп, 225,0 млн.сомдук бузуулар аныкталган,146,5 млн.сом республикалык бюджетке которулган.

Талкуу учурунда депутаттар Экмат Байпакбаев, Сагындык Келдибаев  өндүрүлгөн электр энергиясын эмне үчүн мамлекет өзү сатпайт, эмне үчүн пайданы ортомчу табат, мамлекет өзү сатса болбойбу?,- деген суроолорду коюшту. Кожобек Рыспаев тариф маселесине токтолуп, эгер электрдин баасы 15 тыйынга көтөрүлсө, электр  компаниялары канча пайда табаарына, депутат Үмбеталы Кыдыралиев сугат мезгилинде кошуна өлкөлөргө  суу берилгени Токтогул суу сактагычынын көлөмүнө кандай таасир этээрине   кызыкты. Депутат Эрмамат Тагаев алтын казган ишканалар үчүн электрдин баасын 4,7 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгында комитет маалыматты эске алып, агенттиктин ишин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды берди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 890

Окшош жаңылыктар