Тармактык комитетте бааларды турукташтыруу, кыргыз-кытай чек арасындагы абал тууралуу маалымат угулду

06-04-2021 16:36

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде биринчи кезекте керектүлүүчү тамак-аш азыктарына жана күйүүчү-майлоочу майларга бааларды турукташтыруу боюнча, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасындагы жүк ташууларга байланыштуу кырдаал тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алган чаралары жөнүндө маалымат угулду. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Экономика жана каржы министри Даниятр Иманалиев жогоруда аталган маселе боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө учкай маалымат берди.

Жыйын жүрүшүндө депутат Пархад Тулендыбаев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында маселе көтөрдү. Ал өткөн жылдын беш айынын аралыгында Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги тарабынан тамак-аш өнүмдөрүнүн баасын ашкере жогорулаткан 342 учур катталганын айтып, азыркы учурда кандай абал түзүлгөнүн сурады. Агенттиктин өкүлү бул жылы деле ошондой эле чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Депутат Дастан Бекешев 2021-жылдын үч айында инфляция кыйла өсүп кеткенин эске салып, эмгек акынын, пенсия менен жөлөкпулдун көбөйөр-көбөйбөсүнө кызыкты. «Гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү жаатында да көптөгөн чалкештиктер бар. Менимче, гумжардамдар ачык-айкын жана калыс бөлүнүшү керек», - деп кошумчалады ал.

Депутат Айнура Осмонова өлкө боюнча 3 млн 200 миӊ адам калктын аялуу катмарына кире турганын белгиледи. «Калктын аялуу катмарына жардам берүүнүн кадамдык планы иштелип чыгып, жаӊы жумушчу орундарды түзүү үчүн жергиликтүү ишкерлерге көмөк көрсөтүлүүгө тийиш», - деди ал.

Депутат Айбек Осмонов өткөн жылдын жыйынтыгында импорттун көлөмү 26 пайызга кыскарганын, ошондон улам азык-түлүктүн наркы күн санап өсүп жатканын айтты. «Өкмөттүн азык-түлүктүн баасын турукташтыруу, күйүүчү майдын наркын жөнгө салуу багытында көрүп жаткан чараларынын натыйжалуулугу анчалык деле байкалган жок», - деди депутат.

Депутат Абду мажит Юсуров жыйын катышуучуларынын көӊүлүн кыргыз-кытай чегарасындагы жүк ташуу агымын жандандыруу маселесине буруп, Өкмөт өкүлдөрүн бул багытта тезинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды.

Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров Өкмөт азык-түлүк баасын турукташтыруу жаатында гана иш алпарбастан, жарандардын эмгек акысын, пенсия менен жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүү багытында да иш алпаруусу керектигин баса белгиледи.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1758

Окшош жаңылыктар