Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 31.03.21.

31-03-2021
08:58

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31 – марттагы жыйынында парламенттин апрель айына карата календардык иш планы бекитилет. Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодекске сунушталып жаткан  өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр болсо экинчи окууда талкууланат. “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууга чыгарылганы турат.  Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын алкагында Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга кошумчалануучу өзгөртүүлөргө карата Президенттин каршы пикири да бул жолку жыйындын өзөктүү маселеси.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Инвестициялар тармагында мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окуудан карап, жактырды. Бул багытта баяндама жасаган депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, - сунушталып жаткан документ өлкөдөгү  инвестициялык саясатты өнүктүрүүгө арналган. Тагыраагы коронавирус пандемиясы инвестициялык саясатты өзгөртүү зарыл экендигин көрсөттү. Ошондуктан, “Инвестициялык макулдашуу”  жана  “стратегиялык инвестор” деген эки түшүнүктү тактап алуу муктаждыгы жаралды.

                            СНХ. К.ИМАНАЛИЕВ

1991-жылдан бери 114 саламаттыкты сактоо объектиси, 45 билим берүү жайлары, 58 маданият  жана 52 спорт имараттары менчиктештирилген. Арасында мамлекеттик органдарга кеңсе катары берилип кеткендери да бар. Алардын айрымдары мамлекетке кайтарылып жатат. Мисалы, буга 89 бала бакчанын мамлекеттин эсебине өткөнү далил, - деген маалыматтар тармактык комитеттин отурумунда айтылды.

Мамлекеттин карамагына алынган объектилер мурдагыдай кирешелүү болбой калгандыгын, - Социалдык тармакты тескеген комитет жыйынында айткан депутат Бурун Аманова, -  Бишкек шаарындагы "Караван" соода жайындагы абалга токтолду.

                              СНХ.Б.АМАНОВА

"Ак-Кеме" мейманканасы да мамлекеттин карамагында. Бирок, андагы абал арсар жолдо. "Эмне үчүн аталган мекеме чыгашалуу болууда?" - деген суроону депутат Акыл Кемелов көтөрдү.

                               СНХ.А.КЕМЕЛОВ

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 31 – мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад областтарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын региондорунун кээ бир райондорунда жаан жаап, карга айланат. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9, кээ бир райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: +4…+9; Талас:+3…+8, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+7…+12, Ысык- Көл:+ 1…+6 градус жылуу. Нарын: -1…+4 градуска чейин жылыйт. Бийик тоолордогу сууктун күчү -4…-9 градус болот. Бишкек шаарында бүгүн, 31-мартта жаан аралаш кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +6…+8 градус жылуу болот.

 

 

 

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16. 03.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 03.23.

Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 03.23.

Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13. 03.23.

Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.03.23.

Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09. 03.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт.  “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...