Жогорку Кеңештин бүгүн, 25 – марттагы жыйыны “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын алкагында Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекске, “Мамлеккеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралат. Депутаттар Г.Асылбаева, С.Айдаров, А.Абжалиев тарабынан демилгеленип жаткан “Баалоо ишмердиги жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууга чыгарылат.
“Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы да бүгүнкү парламент отурумунда угулат. “Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеӊеш токтомунун аткарылышына да талдоо жүргүзүлөт.
Депутаттык корпусту жаңыдан толуктап, “Бир - Бол” партиясынын тизмеси боюнча мурдагы парламентарий Алмазбек Акматовдун ордуна келген Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин кечээки, 24-марттагы жыйынында ант берип, эл өкүлү катары расмий ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
СНХ.А.ОСМОНОВ
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөгү" мыйзам долбоору парламенттин кечээки жыйынында үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул багытта баяндама жасаган Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко мыйзам долбоору укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталганын белгиледи.
СНХ.Н.НИКИТЕНКО
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын -алуу багытында Ички иштер министрлиги кандай чараларды көрүп жатканына депутат Айсулуу Мамашова кызыкты.
СНХ.А.МАМАШЕВА
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 25 – мартта Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй областынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын областтарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 – 10, кээ бир райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад:+ 21…+26; Талас:+ 20…+25; Ысык-Көл, Нарын: +10…+15 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 25 - мартта жаан жаабайт. Абанын температурасы +24…+26 градус жылуу болот.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...