Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 24.03.21.

24-03-2021
09:43

Жогорку Кеңештин бүгүн, 24 – марттагы жыйынында депутаттык курамды толуктап отурган Айбек Осмоновдун  ант берүүсү болот. Бир катар Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланат.  “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөгү” мыйзам долбоору  үчүнчү окууга чыгарылат.  Ошондой эле  “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө экинчи окууда көңүл бурулат. 

“Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр депутат Айсулуу Мамашева тарабынан демилгеленип, бул жолку жыйында экинчи окууда талкууга коюлат. Ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы мунайгаз тармагынын абалы жана күйүүчү - майлоочу материалдардардын баалары жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоорун бул жолку жыйынга Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет алып чыгууда.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин  жыйынында кыргыз - казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак Тилек", "Ак Жол", "Чалдыбар" жана  "Чоң Капка" унаа өткөрүү жайларында товарларды эсепке алуу пункттары иштээри айтылды. Андан тышкары  "Бишкек-1", "Аламүдүн", Кара-Балта", "Кара-Суу", "Маймак" темир жол станцияларында, "Манас", "Ош" эл аралык аэропортторунда да товарларды эсепке алуу пункттары бар.

Электрондук фискалдаштыруу тутуму киргизилгенден кийин, 2020-жылы бюджетке канча каражат келип түшкөнүнө кызыккан депутат Айнура Осмонова Өкмөт өкүлүнөн, - “ 2,7 млрд сом”, - деген жооп укту.

                             СНХ.А.ОСМОНОВА

Салык тармагында аныкталган мыйзам бузууларга токтолгон депутат Гүлшат Асылбаева, - "Аймактык салык кызматынын башчыларына сөгүш берүү менен гана чектелип калуу жарабайт. Андыктан, жаза чараларын да тактап чыгуу керек" - деп сунуш берди.

                             СНХ.Г.АСЫЛБАЕВА

Депутат  Асылбек Жээнбеков жолбун иттерди атууга тыюу салынган учурда алардын көбөйүп кетүү жагдайлары кандай болот? – деген суроосуна улай эле ошол көчө иттеринин кишилерге кооптуулугу канчалак мыйзам долбоорунда каралгандыгына тармактык комитет отурумунда кызыкты.

                             СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24 – мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок тартып, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы Чүй:+13…+18; Талас:+12…+17; Ош, Баткен, Жалал-Абад:+15…+20; Ысык-Көл:+7…+12; Нарын:+5…+10 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 24 – мартта күн ачык болот. Абанын температурасы  +15…+17 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16. 03.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 03.23.

Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 03.23.

Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13. 03.23.

Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.03.23.

Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09. 03.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт.  “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...