Жогорку Кеңештин бүгүн, 11 – марттагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кароого чыгат. “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда талкууланат. “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралмакчы.
Кечээки парламент отурумунда “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, талаш - тартыштарды курчутту. Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков мыйзам долбооруна карата жазуу түрүндөгү эки сунуш келип түшкөнүн маалымдады.
СНХ.К.КЕРЕЗБЕКОВ
Депутат Р.Момбеков ушул жогорудагы маселе адегенде тармактык комитетте каралып, мыйзам долбоору экинчи окууда комитет жетекчиси тарабынан баяндалышы керектигин эске салды.
СНХ.Р.МОМБЕКОВ
Жогорку Кеңештин кечээки, 10-марттагы жыйынында депутат Искандер Гайпкуловдун ордуна "Ата-Мекен" фракциясынын тизмеси боюнча шайланып келген Шайлообек Атазов ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
СНХ. Ш.АТАЗОВ
Эл аралык ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын эмгек жана эс алуу режимдерин ченемдештирүү жана контролдоо жолу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын ратификациялык мыйзам долбоору каралган парламенттин кечээки жыйынында тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев талкуудагы документтин маңызын төмөндөгүчө түшүндүрдү:
СНХ.А.НУРБАЕВ
Курулуш тармагы ички дүң продукциянын 9 – 10%ын камсыздайт. Мындай сандык салыштырууларды мисалга келтирип, Жогорку Кеңеш депутаты Нурбек Тотонов кечээ, 10 – мартта “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.
СНХ.Н.ТОТОНОВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 11 – мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында, Талас областынын кээ бир райондорунда жаан аралаш кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык - Көл: +4... +9, Талас: +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+7...+12 градус жылуу болот. Нарын: +3...+8 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 11 – мартта кар аралаш жаан жаайт. Абанын температурасы +7…+9 градус жылуу болот
Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде
Толук окуу...Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 24-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 23-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет Чүй областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 22-майда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчу окууга алып чыгат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 19-майда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматын угат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...