Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү тууралуу КМШ алкагындагы конвенция талкууланды

10-03-2021
11:25

Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында депутат Умбеталы Кыдыралиев аталган конвенция кандай жазага тартылган жарандарга багытталарын сурады.

Өз кезегинде юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов конвенция эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткаруу жана бир мамлекеттин соту тарабынан башка мамлекеттин жаранына карата дайындалган жазык-укуктук мүнөздөгү чараларды колдонуу боюнча Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мамилелерин жөнгө салууга багытталганын билдирди.

Андан тышкары, депутат Дастан Бекешев КМШдан башка өлкөлөрдө, анын ичинен Сирия, Иран мамлекетинде жазага тартылган кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча кандай чаралар каралып жатканына кызыкты.

Марат Канулькулов азыркы тапта аларды кайтаруу боюнча эч кандай макулдашуу жок экендигин билдирди.    

Кошумчалай кетсек, эркиндигинен ажыратылбастан жазага тартылган кыргызстандыктардын саны Россияда 220, Казакстанда 36, Беларусияда 6.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Андан тышкары, парламент жыйынында “Чек ара районунда аскердик тармакта ишенимди чыӊдоо жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги макулдашууну жана Чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1997-жылдын 24-апрелиндеги макулдашууну аткаруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптери жана тартиби тууралуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында түзүлгөн протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы