ЖАҢЫЛЫКТАР 10.03.21.

10-03-2021 09:00

Төрага Талант Мамытов кечээ, 9-мартта ордо калаабыздагы Улуттук онкология жана гематология болуп, андагы жагдайдан кабар алды.  Аталган  борбордо курулушу токтоп турган жаңы имараттын абалы менен таанышты. Өз сөзүндө Төрага, - “Дарт дабасын издегендерге Жогорку Кеңеш  ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр”, - деп билдирди  Ошол эле мезгилде Өкмөткө ушул жогорудагы имараттын курулушун тез арада бүткөрүү тапшырылаары айтылды. Төраганын жумушчу сапарынан пайдаланган бейтаптар дары - дармектердин баасы өсүп жаткандыгына тынчсызданышып, ички авиакаттамдардын билет наркы арзандатылса, - деп суранышты.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 10 – марттагы жыйынында каралуучу маселелердин басымдуу бөлүгү ратификациялык маанидеги мыйзам долбоорлору. Алардын катарында  “2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору бар. Маселе 3 – окууда талкууланат.  “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору да 3 – окууга чыгарылат.  

“Дүйнөдө 193 мамлекеттин ичинен 80ге жакынында башкаруунун президенттик формасы иштейт. Бирок, классикалык үлгүдө, - деп таанылганы бешөө гана. Аларда президенттик башкаруу өзүн – өзү актады, өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрү ынандыраарлык, - деп табылгандары АКШ, Түштүк Корея, Франция, Финляндия, Швейцария. Ушулардын арасынан Президенти эң күчтүү деген 3 өлкөнү Кыргызстан менен салыштырып көрөлү: АКШ, Франция, Түштүк Кореяда Президенттер мыйзам демилгелей албайт. Мындай укук Кыргызстанда гана бар”, - деген эл аралык тажрыйбаларды санап салыштырмалуу мисалдарды келтирип депутат Каныбек Иманалиев “Парламент” радиосуна буларды билдирди:

                            СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбек Абытов, - “Конституция боюнча боло турган референдумду өткөрүүнүн каржы булактарын Өкмөт караштырып жатат. Ал эми сырттан келүүчү донолук колдоолордун булагы азаят, - деп кооптонууга негиз жок”, - деген пикирин ортого салды.

                            СНХ.А.АБЫТОВ

“Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдөн тартып күйүүчү майларга чейин кымбаттап,  жарандар инфиляцияны кубалап жетише албай калышты. Өкмөт бул багытта тиешелүү чараларды көрүшү зарыл”, -  деди депутат Таабалды Тиллаев.

                            СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Кыргызстанга Памир аймагынан көчүрүлүп келген мекендештерибиз үчүн быйылкы жылга акча каралбай калганын эске салган  депутат Улан Примов , - аталган маселени чукул арада чечилиши керек, - дейт.

                           СНХ.У.ПРИМОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10 – мартта Ысык – Көл областынан башка Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Нарын областынын кээ бир райондоруна кар түшөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир райондордо 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: +10... +15, Талас: +9...+14, Ысык-Көл:+7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+11...+16 градус жылуу болот. Нарын: +5...+10 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 10 – мартта  күндүз күн ачык болот, кечке маал жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  +13…+15 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 265

Окшош жаңылыктар