ЖАҢЫЛЫКТАР 04.03.21.

04-03-2021 10:10

Жогорку Кеңештин бүгүн, 4 – марттагы жыйынында   адаттагыдай эле күн тартиби такталган соң, “Ар кандай маселелер” саатында шайлоочулардын суроо – талаптары тааныштыралат. “Электрондук коммерция жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууга чыгарылат. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу”  мыйзам долбоорун биринчи окууга Өкмөт демилгелеп алып келүүдө.  “Кыргыз Республикасындагы жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндөгү”  мыйзамдын аткарылышы боюнча Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы угулат. Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы да тааныштырылмакчы.

Парламенттин кечээки олтурумунда кызыл чеке талаш – тартышты жараткан “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Маселеге карата өз пикирин билдирип, депутат Каныбек Иманалиев президенттик башкаруунун бир топ моделдерин салыштырып, эл аралык тажрыйбалардан мисал келтирди.

                             СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Конституциянын жаңы редакциясы боюнча Өкмөттүн корутундусу кайда? -  деп катар – катар берилген суроолорго Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбек Абытов жооп берди.

                           СНХ.А.АБЫТОВ

КМШ жаштарынын башын бириктирген жаштар парламентинин өкүлдөрү келип кечээ Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты. Аларды депутат Н.Никитенко кабыл алды. Делегациялык курам менен бирге эл өкүлү “Парламент” радиосунда да болуп, жаштар парламентинин ролуна токтолду.

                           СНХ.Н.НИКИТЕНКО

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4 – мартта Ысык-Көл областынан башка бардык региондордо мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас: +9...+14, Ысык-Көл:+3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+10...+15 градус жылуу болот. Нарын: -1...+4 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 4 – мартта  жаан жаабайт. Абанын температурасы  +12…+14 градус жылуу болот.

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 293

Окшош жаңылыктар