ЖАҢЫЛЫКТАР 03.03.21.

03-03-2021 08:56

Жогорку Кеңештин бүгүн, 3 – марттагы жыйынында  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр 3 – окууда каралат. Анда “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарга кошумчаланып жаткан негиздемелер жүйөөгө келтирилүүдө. “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да 3 – окууга чыгарылат.   “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү  депутат Саматбек Ибраев тарабынан демилгеленүүдө.   

“2017-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасында вирустук гепатиттер оорусуна каршы күрөшүү стратегиясы” боюнча программанын аткарылышын талкуулаган тармактык комитетте, - “Коронавирус пандемиясына байланыштуу гепатология борборун  куруу иштери создуктурулуп жатат”, - деп Саламатык сактоо министрлигинин өкүлдөрү айтышты.

                            СНХ. М.КАРАТАЕВ

Талкуу маалында депутат Евгения Строкова, - аталган дартка кабылгандар жетиштүү колдоого алынбай жаткандыгын, алдын алуучу иштер дыкат жүргүзүлбөй аксап отургандыгын сынга алды.   

                             СНХ.Е.СТРОКОВА                                    

Боорго байланышкан илдеттин жайылышы азайдыбы? Сыркоолуулар тууралуу статистикалык маалыматтар так эсептелип чыгууга тийиш, - деди  депутат Алмазбек Токторов.

                            СНХ.А.ТОКТОРОВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3 – мартта өлкөнүн аймактарында жаан аралаш кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 1…6, Талас:2...7; Ысык-Көл: 3…8, Ош, Баткен, Жалал-Абад:6...11 градус жылуу болот. Нарын: -2…+3 градуска чейин жылыйт.  Бишкек шаарында бүгүн, 3 – мартта жаан аралаш кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге жетет. Абанын температурасы 4…6 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 289

Окшош жаңылыктар