ЖАҢЫЛЫКТАР 25.02.21.

25-02-2021 10:00

Жогорку Кеңештин бүгүн, 25 – февралдагы жыйыны адаттагыдай эле  “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. 2021-жылдын март айына карата  парламент ишинин календардык планы бекитилет. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо жүрөт. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралмакчы.  “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөгү”  мыйзам долбоору экинчи окууга чыгат.  

"Сирия мамлекетине кетип, бирок кайра мекенибизге кайтып келе албай жаткан камактагы жарандарыбызды боштондукка чыгарып алуунун кандай жолдорун тапса болот? Бул багытта түзүлгөн келишим барбы?" - деген суроосуна депутат  Эрмамат Тагаев Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевден, - "Жок", - деген жооп укту.

                                 СНХ. Э.ТАГАЕВ

Кореяда жашаган кыргызстандыктардын арасында учурда соттолгон 2 өкүл жазасын өтөөдө. Андан тышкары, буга чейин бир жаран жазасын өтөп, азаттыкка чыгарылган. Бул тууралуу маалыматтар депутат Бакирдин Субанбеков койгон суроонун жоопторунда айтылды.

                                 СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда кабыл алынды. 

“Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынын сунушунун негизинде “Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугун сактоо жана алардын экологияга тийгизген таасирин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Ага ылайык, комиссиянын курамына депутаттар: КСДП фракциясынан - Альфия Самигуллина, Нодирбек Каримов, Чынара Урумкалиева, Максат Эгембердиев; "Республика-Ата-Журт" фракциясынан - Тариель Жоробеков, Сагындык Келдибеков, Арзыбек Карыбеков;  “Кыргызстан” фракциясынан Азизбек Турсунбаев, Байгазы Кенжебаев; "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Осмон Турдумамбетов;  “Бир - Бол” фракциясынан Эрмамат Тагаев; “Ата - Мекен” фракциясынан Сайдулла Нышанов сунушталды. Ошондой эле “Кумтөр” алтын кенинин  иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары эми комиссиянын төрагалыгына сунушталган депутат Акылбек Жапаровдун, ал эми орун басарлыгына көрсөтүлгөн депутат Умбеталы Кыдыралиевдин жетекчилигинде чыгарылат. 

"Республика Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат Максат Сабиров кечээки жыйында эл өкүлүнүн мандатын өткөрүп берип жаткандыгын жарыялап, ал мындай чечимин жаштарга жол бошотуу максатында жасалып жаткандыгын билдирди.

                                 СНХ. М.САБИРОВ

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 25 – февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Айрым райондордо туман түшөт. Жолдор тонголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.​ Абанын температурасы Чүй, Талас: -6…-11;  Ысык-Көл: -1…-6; Нарын: -7…-12; бийик тоолуу аймактарда -8…-13 градус суук болот. Ош, Баткен, Жалал-Абад: -3…+2 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 25 – февралда кар жаайт. Абанын температурасы -6…-8 градус суук болот. 

 

Көрүүлөрдүн саны : 361

Окшош жаңылыктар