ЖАҢЫЛЫКТАР 24.02.21.

24-02-2021 10:04

Жогорку Кеңештин бүгүн, 24 – февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууга чыгат. Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы угулат.

Депутат А.Сулайманов менен бирге демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунда:  “Парламенттик шайлоодо партиялык тизмеге келгенде шайлоочулар  ошол тизмедеги ар бир өкүлгө карата жеке пикирине таянуу менен добуш бере алат. Аны переференциалдык шартта шайлоо ыкмасы, - деп коёт”, - дейт депутат А.Касымалиева “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                             СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

“Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамда өзгөчө кырдаал убагында сатып алууларды жүргүзүүнүн шарттары каралган. Бирок, кыйын жагдайларда  дарыгерлерди сапаттуу коопсуз кийимдер менен камсыз кылуу жетиштүү каралбай териштирүүлөрдүн жүрүп жатканы орундуу эмес”, -  дейт депутат М.Бакиров

                              СНХ.Б.БАКИРОВ

Мамлекеттик салык кызматы маалымдагандай, 1-мартка чейин өлкөдөгү бардык дыйкан чарбалар, юридикалык жактар, эл аралык уюмдар, чет элдик фирмалар бирдиктүү салык декларациясын толук тапшырууга тийиш. Бул максатта элге кеңири мүмкүнчүлүтөр түзүлгөн. Анын мисалы салык кызматындагы кабыл алуулардын дем алыш күндөрү да түнкү саат 24:00гө чейин улангандыгында. Ал эми мамлекеттик, муниципиалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер жана патенттик негизде иштегендер, автоунаасы барлар, кыймылсыз мүлк ээлери салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруулары керек.

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24 – февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоо этектерине, тоолуу райондорго түшкөн кар калың болот. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9, кээ бир райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:2...7, Баткен, Ош, Жалал-Абад : 3…8; Ысык-Көл, Нарын: 6…11 градус жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 24-февралда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 4…6 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 341

Окшош жаңылыктар