ЖАҢЫЛЫКТАР 17.02.21.

17-02-2021 08:53

Жогорку Кеңештин бүгүн, 17 – февралдагы жыйынында Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралат. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууга чыгат.

Мамлекет биринчи жана экинчи сорттогу суперэлита, элита үрөндөрүнүн жана артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи муундагы гибриддерин өндүрүүгө кеткен чыгымдардын 30 пайызын төлөп берет. Бул тууралуу “Үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрүндө айтылат. Долбоорду Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда караган. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнө күздүк жана жазгы буудай, арпа, кант кызылчасы, пахта, жүгөрү, төө буурчак, беде жана эспарцет кирет.

Үрөнчүлүк чарбаларын аттестациялоо  2018-жылы эле башталган эле. Азыр ал иштер кайсы этапка келип калгандыгын  депутат Аалы Карашев тактады.

                        СНХ.А.КАРАШЕВ

Жазгы талаа жумуштары жакындап келатканын эске салган депутат Тариел Жоробеков , айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу үрөн менен  камсыздоо зарылдыгын белгилеп, бул жаатта адистердин кесипкөйлүгү биринчи кезектеги зарылчылык, - дейт.

                        СНХ.Т.ЖОРОБЕКОВ

Депутат Эрмамат Тагаев Айыл чарба министрлиги керекпи? - деген маселени коюп, бул органды жоюп салууну, андан үнөмдөлгөн каражатты фермерлерди колдоого жумшоону сунуштады.

                        СНХ.Э.ТАГАЕВ

Азык- түлүк продукцияларына  болгон импорттук көз карандылык жоюлбаса болбойт. Бул жагдайга токтолгон депутат Иса Өмүркулов, - “Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирген нерсе - сырттан ташылып жаткан импорттук азыктар”, - деп билдирди.

                       СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17 – февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 16...21, Ош, Жалал – Абад, Баткен: 18...23, Ысык – Көл, Нарын:4...9 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн күн ачык болот. Абанын температурасы 19…21 градус жылуу.

 

Көрүүлөрдүн саны : 354

Окшош жаңылыктар