Түз
эфир
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Демилгечи – Өкмөт.
Өкмөттүн берген маалыматына караганда, мыйзам долбоорунун максаты жогоруда аталган Макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы