Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Автомобилдик жүк ташуулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча  макулдашуу колдоого ээ болду

16-02-2021
11:43

Бүгүн, 16- февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин депутаттары «1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окуудан карашты.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Талант Солтобаевдин айтымында, Макулдашуу эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууда  коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Ал ошондой эле Кыргызстандын бул Макулдашууга кошулуусу мыйзамдарды  ЕАЭБдин нормалары менен шайкеш келтирүү үчүн зарыл экендигин кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар  Абдывахаб Нурбаев менен  Бахадыр Сулейманов  Транспорт министрлигин жана  жол уюмдарын  жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууларды  ишке ашырууда  коопсуздукту камсыз кылуу боюнча  чараларды күчөтүүгө чакырышты. Алар атамекендик жүк ташуучулар тарабынан  ички каттамдарды аткарууда  иштөө жана айдоочулардын эс алуу режими сакталбай  жаткандыгын белгилешти. А.Нурбаев  санариптик топографтарды орнотуунун мөөнөтүнө кызыкты.

“Биз макулдашуунун нормаларын  киргизүү үчүн эки жылдык мөөнөт сурадык, анткени, документке кошулган соң Кыргызстан тиешелүү жол инфратүзүмдөрүн өнүктүрүүгө:санариптик топографтарды орнотууга, өнөрканаларды ачууга, айдоочуларды окутууга тийиш”, -деди министрдин орун басары.

Талкуудан соң Комитеттин мүчөлөрү  Кыргызстандын Европалык макулдашууга  кошулуусу боюнча мыйзам долбоорун  жактырышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы