Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды

15-02-2021
14:13

Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)  мамлекеттик каттоо жөнүндө", “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Аталган мыйзам долбоору спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерациялардын ишин ирээтке келтирүү жана оптималдаштыруу багытында иштелип чыккан.

Ошондой эле тармактык комитеттин бүгүнкү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору да  үчүнчү окууда каралды.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору коррупциялык жана бланкеттик көрүнүштөрдү жоюуга багытталган. Андан сырткары, "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү" мыйзамынын айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы