Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Аялдар форуму  Кыргызстандын элин  алдыдагы жергиликтүү шайлоолордо  аял-талапкерлерди колдоого чакырды

12-02-2021
13:11

Бүгүн, 12-февралда  парламентте Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын төрагалыгы астында “Азыркы  социалдык-экономикалык  жүрүмдөр: көйгөйлөр,  тенденциялар, келечек”  деген темада  Кыргыз Республикасынын  аялдар форуму өттү.

Конференциянын ишине  республиканын  бардык булуң-бурчтарынан  келген аялдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты. Форум  Резолюцияга кол коюу менен аяктады. Анда төмөндөгүдөй пункттар   бар:

“Биз,   Конференциянын катышуучулары  жергиликтүү кеңештерге өтчү шайлоонун алдында өлкөбүздүн келечегине карата тынчтык, коопсуздук,  жалпы баалуулуктар жана  баарына бирдей мүмкүчүлүктөр,  ар бир адам үчүн   тең укуктар жана эркиндиктер деген көз караштын алдында чогулдук.

Биз  аялдардын бардык  деңгээлдерде  чечимдерди кабыл алуу процессине  активдүү катышуусу  теңдик, туруктуу өнүгүү,  тынчтык жана демократия үчүн  башкы мааниге ээ экендигине терең ишенебиз. Бул болсо аялдардын  социалдык жактан багытталган  туруктуу өнүгүүгө, үй-бүлө институтун чыңдоого, адам укуктарын,  үй-бүлөнү, эне менен баланы  коргоого, сапаттуу медициналык жана  социалдык жардам менен камсыздоого, айлана чөйрөнү коргоого, экологиялык коопсуздукту камсыздого  катышуусунун зарылдыгын тастыктап турат.

Биз Кыргызстандын элин алдыдагы жергиликтүү шайлоолордо  аял-талапкерлерди колдоого чакырабыз”

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы