Депутат Айсулуу Мамашева: "Баштапкы кесиптик билим берүүдөгү окутуунун мөөнөтүн кайра карап чыгабыз"

10-02-2021 17:17

Кесиптик – техникалык билим берүү зор артыкчылыктарга ээ болууда. Бул заман талабына шайкеш келген жумушчу адистиктерге болгон суроо – талаптардын өсүп жаткандыгынын далили.  Андыктан, кереги жок теориялык сабактардын санын кайра карап чыгып, өндүрүштүк - тажрыйбалык таанымдарды көбөйтүү керек.  Бул багытта “Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Маселенин маңызын бүгүн, 10 – февралда “Парламент” радиосунун түз эфиринде мейманда болгон демилгечи депутат Айсулуу Мамашева кеңири түшүндүрүп берди.

Долбоордогу негизги максат бошко кеткен убакыттарды кыскартып, баштапкы кесиптик билим берүүдөгү окутуунун мөөнөтүн 9 – класстын базасында окугандар үчүн 2 жылдан - 3 жылга чейин, - деп өзгөртүү жагы сунушталууда, - деди эл өкүлү.

Баштапкы кесиптик билим берүү системасында инклюзивдик билим берүү шарттары да каралган. Жалпысынан кесиптик лицейлерде окуган 14 миңдей окуучунун арасында окуусун аяктап, акырына чыкпай калгандары да болот. Болжол менен алардын эсеби 6 миңчелик бар. Ара жолдо калып, турмушта кыйналбашы үчүн балдарга туура багыт берүү кажет.  Чыдап, тандаган багытын туура беттеп, максатына жеткен балдардын дээрлик 80 – 90%ы ишке орношуп кетүүдө.

Жумушчу кадрларды даярдоодо региондордогу өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек. Мисалы, өрүкзарлуу Баткен областында багбанчылык кесиптин ээлерине, ал эми көгүлтүр Ысык – Көлдө тейлөө тармагынын адистерине болгон суроо – талаптардын өсүп жатканы талашсыз, - дейт депутат А.Мамашева.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1438

Окшош жаңылыктар