Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды

10-02-2021
14:23

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

-  “Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Мамашова А.Т.);

- “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.01.21деги № 6 токтом).

 

Экинчи окууда:

-  “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.08.20дагы № 455 токтом);

-  “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.09.20дагы № 474 токтом);

-  “2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу 2015-жылдын 8-майындагы протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.07.20дагы № 404 токтом).

 

Үчүнчү окууда:

-  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамдарга)” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бекешев Д.Д.);

-  “Үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.11.20дагы № 553 токтом);

-  “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.02.20дагы № 92 токтом);

-  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.06.20дагы № 298 токтом);

-  “Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.07.20дагы № 401 токтом).

 

Мыйзамдын макулдашылган варианты:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4191-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Бокоев К.С.)

Жогорку Кеңештин токтому:

- “Эл аралык парламенттик уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы № 1708-IV токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы