Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзам КР Конституциясынын жоболоруна шайкеш келтирилет

10-02-2021
14:13

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар  “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты. Демилгечи - Өкмөт.

Баяндамачы, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Мирланбек Абдылдаевдин айтымында, мыйзам долбоору КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы чечимин  аткаруу максатында иштелип чыгып, ”КР Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамынан дин уюмдарын каттоо жергиликтүү органдардын макулдугу менен жүргүзүлөт деген пунктту алып салууга  багытталган. Анткени, бул норма  КР Конституциясына карама –каршы келет деп табылган.

Депутат Мирлан Жээнчороев Баш мыйзамдын  жаңы долбоору коомдук талкууга чыгарылганын айтып, азыр иштеп жаткан  Конституцияга өзгөртүү киргизүү максатка ылайыксыз деген оюн айтты. Эл өкүлү ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  диний уюмдарды каттоого катышуусуна  карата Дин иштери боюнча комиссиянын позициясы кандай экендигине кызыкты. М.Абдылдаев бул норманы сактап калуу керек экендигин айтты.

Депутат Максат Сабиров муфтияттагы кырдаал жөнгө салынганга чейин дин боюнча бардык  мыйзамдарды карабай турууну сунуштады. Социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова  бул мыйзам долбоору Конституциялык палатанын чечимин аткарууга багытталганын, аны мамлекеттик органдардын баары аткарууга тийиш экендигин белгиледи.

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы