Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору  добуш берүүгө жөнөтүлдү

10-02-2021
13:57

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар “Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Айсулу Мамашева. Анын айтымында, мыйзам долбоору профессионалдык кадрларды даярдоого иш берүүчүлөрдү тартуу, ошондой эле айрым кесиптерге окутуу мөөнөтүн азайтуу менен кесиптик билим берүүгө көп сандагы жаштарды тартуу аркылуу  баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мектеп компонентин ичине алган  айрым адистиктер боюнча баштапкы кесиптик билим берүү программасынын мөөнөтүн   2-3 жылга чейин кыскартуу кесиптик билим берүүнүн жагымдуулугун кескин арттыраары айтылды.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Айрура  Осмонова баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин имараттарынын абалын сурады. Депутат Айнуру Алтыбаева  баштапкы кесиптик билим берүү мекемелериндеги окутуунун  сапатына кызыкты. ”Баштапкы кесиптик билим берүүнүн  программасы кыскарганы билимдин сапатына таасир этпейби?”-деп  суроо койду депутат  Улан Примов. Мыйзам долбоорунун демилгечиси  А.Мамашева мөөнөттөрдүн кыскарганы  билим берүүнүн сапатына  таасир этпесин билдирди.

Мыйзам долбоору биринчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы