Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЕАЭБ келишиминин колдонулушу боюнча шарттар тууралуу Протоколго өзгөртүүлөр киргизилүүдө

10-02-2021
13:06

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу”  Мыйзамдын долбоорун  экинчи окуудан карашты

 Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары  Абдывахап Нурбаев берди.

Протоколго ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына айрым товарларды ташып  келүү үчүн жеңилдетилген  мезгилдин мөөнөтүн узартуу, Евразия Экономикалык бирдигинин бюджетине бажы төлөмдөрүн төлөбөй киргизүү  сунушталууда. Бул өлкөнүн экономикасынын айрым секторлоруна үчүнчү өлкөлөрдөн бизде өндүрүлбөгөн товарларды(агроазык-түлүк секторунун товарларын, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, оорудан жана отоо чөптөрдөн  коргоо каражаттарын, айыл чарба техникаларын, дары-дармектерди, медицина каражаттарын, ветеринардык дарыларды, ошондой эле өлкөнүн ири ишканалары үчүн  комплектилөөчү материалдарды  нөлдүк, же төмөндөтүлгөн ставкалар менен алып келүүгө шарт түзөт. Жеңилдетилген мезгилдин мөөнөтү бир жылга узартылууда.

Мыйзам долбоору  экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы