Түз
эфир
Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карашты.
Мыйзам долбоору тууралуу маалыматы Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров берди.
Мыйзам долбоору өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо, өлкөлөр аралык тобокелчиликтерди төмөндөтүү, башка өлкөлөрдүн кабыл алынган чечимдерге саясий таасирин болтурбоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы