Түз
эфир
Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты. Демилгечи-Өкмөт.
Баяндамачы, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаровдун айтымында, түзөтүүлөр тышкы соода ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуу, реклама, муниципалдык кызматкерлер, ишкердик субьектилерин текшерүү жөнүндөгү мыйзамдардын нормаларын КР бузуулар жана жоруктар жөнүндөгү кодекстерине шайкеш келтирүүгө багытталган.
Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы