Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” Мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

10-02-2021
12:42

Бүгүн, 10-февралда  Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” Мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы  Салайдин Айдаров берди.

Мыйзам долбоору  республиканын каржы секторун  өнүктүрүүгө, каржы-кредиттик  уюмдар үчүн  тобокелчиликтерди төмөндөтүүгө, ошондой эле  күрөө мамилелерин жөнгө салуу үчүн нормаларды киргизүүгө  багытталган.

Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы