Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралды

10-02-2021
12:41

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары  “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты.

Мыйзам долбоорунун максаты  Токой кодексин соттук -укуктук системаны реформалоонун алкагында  Кыргыз Республикасынын кылмыш, кылмыш –процессуалдык жана жарандык  мыйзамдары чөйрөсүндөгү   жаңы кабыл алынган  ккодекстерге жана   мыйзамдарга шайкеш келтирүү болуп саналат.

Талкуунун жүрүшүндө  депутат  Самат Исманов  Чүй токой чарбасын текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу маселе көтөрдү. Ишиндеги кемчилитерге байланыштуу бир катар  кызматкерлер иштен бошотулуп,  сөгүш алганы айтылды. Депутат Мирлан Бакиров токой чарбасын реформалоо, депутат  Максат Сабиров токой чарба кызматкерлеринин айлык акыларын көтөрүү, токойлорду сактоо боюнча маселе көтөрдү.

Депутат Айнура Аскарова эко- туризмди өнүктүрүү, токойлордо жана корук аймактарында  тазалыкты сактоо көйгөйлөрүнө токтолду. Депутат Аккулу  Бердиев  Чоң -Алай жана  Алай токой  чарбаларында арчалар кыйылып жатканын, ушуга байланыштуу  токойду сактоо боюнча   зарыл чаралар керек экендигин айтты.

Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы