Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеш  үрөнчүлүк тармагындагы кырдаалды талкуулады

10-02-2021
11:55

Бүгүн, 10- февралда Жогорку Кеңештин депутаттары «Үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты. 

Баяндамачы, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Жаныбек Кермалиевдин айтымында, мыйзамга ылайык, мамлекет суперэлита, элита үрөндөрүнүн биринчи жана экинчи сортторун жана артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи муундагы гибриддерин өндүрүүгө кеткен чыгымдардын 30 пайызын төлөп берет. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнө күздүк жана жазгы буудай, арпа, кант кызылчасы, пахта, жүгөрү, төө буурчак, беде жана эсперцет кирет.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Аалы Карашев 2018-жылы эле башталган үрөнчүлүк чарбаларын аттестациялоо  азыр кайсыл этабында экендигине кызыкты. Ж.Кермалиевдин маалыматы боюнча, азыр өлкө боюнча 109 үрөнчүлүк чарбасы бар, алардын 11и мамлекетке таандык. «Азыркы учурда  Чүй облусундагы 39 үрөн чарбасынын 16сы аттестациялоодон өттү», - деди Кермалиев. А.Карашев  жеңилдетилген шарттар берилгендигине карабастан,  үрөнчүлүк чарбаларындагы түшүмдүүлүк төмөн экендигин айтып, министрликти  түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча чараларды  күчөтүүгө чакырды.

Депутат Тариел Жоробеков  жазгы талаа жумуштары жакындап келатканын эске салып, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу үрөн менен  камсыздоонун зарылдыгын белгиледи. Айыл чарба министрлигинин өкүлү  жазгы себүү өнөктүгү учурунда  63 миң тонна үрөн керектелээрин айтып, үрөнчүлүк чарбалары өндүргөн үрөн  керектөөнүн 84 пайызын камсыз кылаарын билдирди. «Үрөнчүлүк  чарбалары иштеткен  аянт  болгону 30 миң гектарды түзөт, ошондуктан, алар үрөнгө болгон керектөөнү толук камсыз кыла алышпайт», - деди ал.

Депутат Максат Сабиров  мамлекеттик дотацияларды берүүнүн  механизмдерин жакшыртуунун, арыздарды тандап алуунун  так критерийлерин аныктоонун, ири үрөн чарбаларына эмес, жаңыдан ишин баштаган чарбаларга артыкчылык берүүнүн зарылдыгын белгиледи. «53 млн.сом чоң деле сумма эмес, аны алган чарба жардамды сезбеши деле мүмкүн. Жардамды биринчи кезекте  чакан чарбалар алууга тийиш», - деди М.Сабиров.

Өз кезегинде депутат Замирбек Эсенаманов дыйканчыкты айыл чарба кооперативдерин ирилештирүү жолу менен өнүктүрүү сунушун айтып, кризис учурунда аларды колдоо үчүн Өкмөттү жеңилдетилген кредиттердин пайыздык ставкаларын төмөндөтүүгө чакырды.

Депутат Эрмамат Тагаев Айыл чарба министрлиги керекпи деген маселени коюп, бул органды жоюп салууну, бошотулган каражатты фермерлерди колдоого багыттоону сунуштады. Депутат Иса Өмүркулов азык- түлүк продукцияларына импорттук көз карандылыкты төмөндөтүүнүн зарылдыгына көңүл буруп, анын көлөмү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч  келтирээрин белгиледи. Депутат Бейшеналы Нурдинов  Өкмөткө  малды сыртка сатууга чектөөнү алып салууну сунуштап, токтом күчүн жоготооруна эки эле ай калганын,  малчылар болсо  малын сата албай чыгым тартып жатышкандыктарына токтолду.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы