Түз
эфир
Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына(“Билим берүү жөнүндө”,“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты.
Мыйзам долбоору мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мекемелеринде инклюзивдик окутууну киргизүү, майыптыгы бар балдардын билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндөгү айрым нормалады тактоо максатында даярдалган.
Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы