Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет “Улуттук  энергетикалык холдинг компаниясынын” электр энергиясын  коммерциялык эсептөөнү  автоматташтыруу боюнча  ишин  канаттандырарлык эмес  деп  тапты

09-02-2021
17:13

Бүгүн, 9-февралда   Жогорку Кеңештин  Отун –энергетикалык  комплекси жана жер казынасын  пайдалануу  боюнча комитетинин жыйынында депутаттар  “Улуттук   энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын  энергокомпанияларында  электр энергиясын  коммерциялык эсептөөнүн  автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” 2017- жылдын  5-апрелиндеги  №1478-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу маселени карашты.  Бул маселе боюнча маалыматты  “Улуттук  энергетикалык холдинг компаниясы”  ААКнын  башкармалыгынын  төрагасы  Нурбек Козубеков берди.

Талкуу учурунда  депутаттар Эрмамат Тагаев электр тармагындагы өндүрүштүк жоготуулар,  жоготуулардын себеби, Бактыбек Турусбеков электр пайдалануучулардын саны, электр  эсептегичтерин сатып алууда атамекендик өндүрүүчүлөргө канчалык артыкчылык берилээри  тууралуу суроолорду беришти. Депутат Кожобек Рыспаев  учурунда электр эсептегичтерди сатып алууга чоң суммадагы  акча төлөнгөнүн эске салып, бүгүн алар  техникалык жактан эскирип калды деген аныктамага таң калганын айтты.”Буга ким күнөөлүү?Ким алып келди эле?Ошончо акчаны талаага чачып ийгендей компания ошончолук эле байбы?”, - деди эл өкүлү.  Депутат Абтандил Кулбараков электр эсептегичтерин орнотуу көбөйбөй эле тескерисинче, жылдан -жылга азайып жатканына көңүл буруп, бул процессти  энергетиктер өздөрү токтотуп жаткан жокпу? –деген  күдүктөнүүсүн билдирди. Депутат Бактыбек Турусбеков “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын бул багыттагы ишин канаттандырарлыксыз деп баалоону сунуштады.

Талкуунун соңунда комитет   “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын токтомду аткаруу боюнча ишин канаттандырарлык эмес деп тапты. Өкмөткө  бут токтомду  аткарууга тийиш болгон кишилердин жоопкерчилигин кароо сунушталды.

Комитет ошондой эле “Энергияны  кайра  жаралуучу  булактарын  өнүктүрүүнүн абалы  жана келечеги жөнүндө”, 2016- жылдын  2-августундагы  №160 “Кооптуу  өндүрүштүк  обьекттердин  өнөр жайлык коопсуздугу  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын аткарылышы тууралуу “ маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы