Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугу артып, алардын жүрүмүнө көзөмөл күчөтүлөт

09-02-2021
15:22

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде мамлекеттик сатып алуулар жүрүмүн жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Демилгечилер депутаттар Г.Асылбаева, Б.Сыдыков, С.Айдаров, А.Турсунбаев, Д.Бекешов, Т.Тиллаев, А.Абжалиев, А.Жээнбеков.

Демилгечилердин бири Гүлшат Асылбаеванын айтымында, мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун арттыруу жана алардын жүрүмүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында, мыйзам долбоору аркылуу ушу тапта иштеп жаткан «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» жана «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда.

Депутат Акылбек Жапаров Өкмөткө өзгөчө кырдаалдар учурунда дары-дармектерди сатып алуу жаатында шашылыш чараларды көрүү боюнча жол-жоболорду иштеп чыгуу тапшырмасын берүү зарылдыгына токтолду. «Дары-дармектерди шашылыш сатып алуу боюнча жол-жоболор эмдигиче иштелип чыга элек. Азыр мыкты деле мамлекеттик сатып алуулардын тендери менен сатып алабыз. Ушу кантип болсун, бул багытта тезинен чара көрүү керек», - деди ал.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы