Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 04.02.21.

04-02-2021
10:45

Жогорку Кеңештин кечээки, 3 – февралдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов кайрылуу жасады. Анда, - “Кыргызстан эли, анын ичинде биз, Жогорку Кеңештин депутаттары, өткөн жылдын аягында жана быйылкы жылдын башында өлкө жана эл тагдырын чечкен зор тарыхый окуялардын күбөлөрү жана анын активдүү катышуучулары болуп, чоң сыноодон өтүп, мамлекеттүүлүгүбүздү жана туруктуулукту сактап кала алдык”, - деп айтылат.

                               СНХ. Т.МАМЫТОВ

Бүгүн, 4-февралда өтүүчү Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору 3 – окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да талкууга чыгат.

Архив темасына келгенде депутат Бакыт Төрөбаев архив элдин, улуттун тарыхы экенин белгилеп: "Коңшу өлкөлөрдүн архивдери менен байланыш кандай?" – деген суроого адистерден жооп алды.

                             СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Депутат Самат Исманов Форма - 2 аркылуу шайлоо маалында каттоого турган жарандар, эми каттоого турган жеринен чыга албай жатканын жүйө келтирип: "Өз үйлөрүнө кайрадан каттоого туруусу үчүн убакыт берип, тиешелүү жеңилдиктерди кароо кажет", - деди парламенттин кечээки жыйынында.

                            СНХ.С.ИСМАНОВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4 – февралда жергебизде жаан-чачын күтүлбөйт.  Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.​ Абанын температурасы: Чү, Талас: 10...15, Ош, Жалал – Абад, Баткен:11...16, Ысык – Көл:3...8 градус жылуу болот. Нарын: - 1…-6 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн  жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 12…14 градус жылуу.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...