Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 03.02.21.

03-02-2021
10:15

Бүгүн, 3-февралда өтүүчү Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Марипов баштаган Өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралат. Буга чейин Өкмөттүн жаңы курамы парламенттеги көпчүлүк коалициянын, ошондой эле Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында талкууланган.

Кечээки тармактык комитет отурумунда депутат Аалы Карашев социалдык милдеттемелерди аткаруудагы көйгөйлөр тууралуу маселе көтөрүп, бул жагынан жаңы өкмөттүн өзгөчө кадамы болоор – болбосуна кызыкты.

                           СНХ.А.КАРАШЕВ  

“Транспорт үчүн  күзөт коюлган аялдамаларды, айдоочулардын эс алуусу  үчүн  атайын  кемпинг жайларын уюштуруп,  алыскы каттамдарды аткарууда  айдоочулардын шериги болушун талап кылуу керек. Азыр болсо мунун баары баш аламан жүргүзүлүүдө, жүк ташыгандар эс алуу үчүн  ылайыкташтырылбаган жерлерге, дарыялардын бойлоруна токтошуп,  жаратылышты  булгап жатышат”,- деген депутат Калдарбек Баймуратов буларга токтолду:

                           СНХ.К.БАЙМУРАТОВ

“Мыйзамдардын  сакталышы үчүн шарт түзбөй туруп  айдоочуларга кантип айып салууга болсун?”, -деди депутат Улукбек Ормонов.

                           СНХ.У.ОРМОНОВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3 – февралда Ысык-Көл областынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: 8...13, Талас: 7...12, Ош, Жалал – Абад, Баткен: 9...14, Ысык – Көл: 1...6 градус жылуу болот. Нарын: -2…-7 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн  жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 10…12 градус жылуу.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 24. 05.23.

Бүгүн, 24-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23. 05.23.

Бүгүн, 23-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет Чүй областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 22. 05.23.

Бүгүн, 22-майда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчу окууга алып чыгат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...