Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Премьер-министрликке сунушталган Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө

01-02-2021
12:17

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызмат ордуна Марипов Улукбек Асамидиновичтин талапкерлиги каралууда.

Талкуу маалында депутат Бакирдин Субанбеков кышкы туризмге көңүл бурулбай жатканына токтолуп: "Дыйкандар да жазында эмне эгээрин билбей жатат. Андыктан, алдын-ала маалымат берип, багыттап турсаңыздар", - деди.

Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов айыл чарба тармагы артыкчылыктуу багыттардын бири катары кала берерин белгилеп, тиешелүү жумуштар убагында аткарыларын кошумчалады.

Ал эми депутат Пархат Тулендыбаев коңшу өлкөлөр менен соода байланышын жакшыртуу багытында кандай чаралар көрүлөрүнө кызыкты.

Өз кезегинде Улукбек Марипов "Экспорт жана импорт маселесин жеңилдеткен иштерди алып барабыз. Коңшу мамлекеттер менен мамилени чыңдайбыз", - деп жооп берди.

Ошондой эле депутат Бактыбек Турусбековдун "Өкмөттүн иши боюнча жоопкерчилик ала аласызбы? - деген суроосуна талапкер: "Толук жоопкерчилик алууга даярмын" - деп жооп берди.

Депутат Айнура Аскарова "Дарыгерлердин айлык маянасы көтөрүлөбү? - деген суроо берди. Ал эми Улукбек Марипов "Мен да дарыгердин баласымын. Алардын иши татаал экенин билем. Андыктан, текшерүү менен гана чектелбей, дарыгерлердин ишине шарт түзүп берүү жагын карайбыз", - деди.

Жыйында көпчүлүк коалициясынын башчысы Иса Өмүркулов белгилегендей, Улукбек Мариповдун талапкерлигин "Республика-Ата-Журт" парламенттик фракциясы сунуштаган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы